• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн-өзү атып алган

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн-өзү атып, каза тапты.

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 29-июлда эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндөгү А.К.С. аттуу жоокер өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий