• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Москвада "Турналардын убадасы. Айтматовдун дүйнөсүнө саякат” аттуу адабий кече өттү

Коом 0

Бишкек, 27.1118. /Кабар/. Москва шаарынын бүткүл Россиялык М.И. Рудомино атындагы чет элдик адабият китепканасынын Китеп клубунда “Турналардын убадасы. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнө саякат” аттуу адабият кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Тышки иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган. Аталган иш чарага КРнын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.

Кечеде Германиялык адабий сынчы Ирмтрауд Гучке чогулгандарга Айтматовдун чыгармаларынын дүйнө жүзүнө тийгизген таасири жана жазуучу менен болгон жеке жолугушуулары тууралуу айтып берди.

2018-жылы «Миттельдойчеферлаг» басма канасы “Турналардын убадасы. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнө саякат” аттуу топтомун басып чыгарган.

Адабий кече жылуу жана достук маанайда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий