• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында куюн аралаш шамал болуп, үйлөрдүн чатырын учурду

Аймак 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Кечээ, 12-августта Нарын облусунун Нарын шаарында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамал болжол менен саат 12:00дөр чамасында болуп, 7 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

"Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу (ЖК) комиссиясы тартылган", - деп кабарлашты ӨКМден.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий