• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Нургүл Бакирова Аксыда селден каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Аксы районунда болуп, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон тургундардын жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төрайым жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жалпы сот тутумунун атынан көңүл айтты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 20-июлунда Аксы районунун Ак-Жол жана Жаӊы-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, Ак-Жол айыл аймагынан 7 адам жана Жаңы-Жол айыл аймагынан 1 адам каза болгон.

Мындан тышкары, Сузак районунун Кара-Дарыя, Серный жана Достук айыл аймактарында дагы сел жүрүп, анын кесепетинен 6 жаштагы Арууке Манапова көз жумган.

Нургуль Бакирова кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окутуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө сот тутумунун атынан материалдык жардамдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий