• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Олимпиада: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Токиого сапар алды

Спорт 0

Бишкек, 27.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчулар менен бирге Токиого улук машыктыруучу улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев учуп кетти.

Балбандардын килемге чыгуу күндөрү:

- 1-августта саат 08:00дө Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
- 2-августта саат08:00дө Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг);
- 3-августта саат 08:00дө Атабек Азизбеков (87 кг).

Пикир

Оставить комментарий