• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ысык-Көлдө эр эңиш боюнча алгачкы жолу Дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ат үстүндөгү күрөш боюнча (эр эңиш) Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 23-24-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Венгрия, Афганистан жана Россиянын курама командаларынан 48 спортчу катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Кыргызстандын жана дүйнө тарыхында биринчи ирет өтүп жатат.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, республикалык Эр эңиш федерациясы жана Ат үстүндөгү күрөш Эл аралык федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий