• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте окуучуларга баңгизаттын зыяндуулугу боюнча лекция окулду

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги №37 мектептин окуучуларына "Баңгизаттардын адамдын организмине зыяны" жана "Жаштар арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү жоопкерчилик" темаларында лекция өткөрдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, лекция "Салам мектеп" алдын алуу иш-чарасынын алкагында Октябрь районунун Балдар менен иштөө инспекциянын аймактык тескөөчүлөрү жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

БМЖКК кызматынын кызматкери Таалай Суваналиев окуучуларга баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар түшүнүгү жана түрлөрү жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле анда жашы жете электерди баңги кылмышына тартуу темасы козголуп, өспүрүм кылмыштуу ишке тартылып калган учурда кандай чараларды көрүү зарыл, ошондой эле мындай учурларды болтурбоо үчүн эмне кылуу керектиги боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий