• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты Түркмөнстанда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.10.18 /Кабар/. Түркмөнстан 28-октябрдан 10-ноябрга чейин оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт. Бул тууралуу "Тренд" агенттиги "Алтын Асыр" түркмөн телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Мелдештерге катышуу үчүн 100 өлкөдөн билдирме түшкөн (Африканын 9 мамлекети, Европанын 38 өлкөсү, Азиянын 29 өлкөсү, Американын 15 өлкөсү жана Океаниянын 9 өлкөсү). 800 чет өлкөлүк спортчунун келиши күтүлүүдө, жалпысынан ар кайсы өлкөлөрдөн 1500 өкүл (калыстардын бригадалары, журналисттер) катышат.

Учурда чемпионаттын веб-сайтын иштеп чыгуу боюнча иштер, катышуучуларды аккредитациялоо жүрүп жатат.

Эске салсак, Ашхабаддагы Олимпиада шаарчасын куруунун масштабдуу долбоорун түркиялык Polimeks Inşaat Taahhüt ve Sanayi Ticaret A.Ş. ишке ашырган.

Пикир

Оставить комментарий