• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош облусунда 2017-жылы 20 өспүрүм суицидке барган

Аймак 0

Ош, 06.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунда 2017-жылы жашы жете электер арасында суицидке барган 20 факты аныкталган. Бул тууралуу милиционерлердин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен болгон жолугушууда айтылды.

Чогулуш Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунда болгон. Ага ошондой эле аксакалдар, аялдар кеңеши жана жергиликтүү тургандар катышты.

Суициден сырткары 2017-жылы облус аймагында жашы жете электерге карата 60 кылмыш жасалган.

Милициянын маалыматы боюнча, Ош облусунда 2017-жылы чет жакка 11 миң 474 жаран чыккан, алар өз балдарын тиешелүү деңгээлдеги кароосу жок калтырышкан.

Пикир

Оставить комментарий