• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Ош шаарынын ордо боюнча командасы республикалык мелдеште 2-орунду алды

Спорт 0

Бишкек, 25.04.21./Кабар/. 21-апрелден 23-апрелге чейин Ош шаарында улуттук оюн "Ордо" боюнча республикалык чемпионат уюштурулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан жети облустан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген 9 команда катышкан.

Биринчи орунду Талас облусу багындырса, экинчини Ош шаарынын курама командасы жеңди. Ал эми үчүнчү орунду Бишкек, төртүнчү орунду Ысык-Көл облусунун командалары алды.

Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышып, КРнын Ордо боюнча федерациясы дипломдорду тапшырды.

Ордо боюнча чемпионат Ош шаарында алгачкы ирет өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий