• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто кайгуул кызматкерлери “Коомдук транспорт” иш-чарасын өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө тобу тарабынан 6-7-декабрь күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги менен биргеликте “Коомдук транспорт” аталышындагы иш-чара өткөрүлүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чаранын негизги максаты — автобус, троллейбус жана кичи автобус айдаган айдоочулар арасында жол кыймылынын тартибин так сактоо, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

“Акыркы кездерде Ош шаарынын аймагында коомдук транспорт каттамындагы автобус, кичи автобустардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин одоно бузган көрүнүштөр орун алып, жүргүнчүнү алуу же түшүрүү учурунда аялдамаларга гана токтобостон каалаган жерине токтоп же шаар ичинде бири-биринин артынан кууп, жарышып айдаган учурлар катталууда. Алардын мындай аракеттери шаар тургундарына ыңгайсыздык туудуруп, жол тыгындарын гана жаратпастан жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыгы талашсыз”, - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагыдай көрүнүштөрдү эске алуу менен иш-чаранын жүрүшүндө жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарынын жумушка чыгуу жана кайтуу учурлары да кайрадан текшерилди.

Белгиленбеген жерден жүргүнчү алуу же түшүрүү же башка жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп , аларды тартипке чакыруу иш-аракеттери көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий