• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда эл аралык талаптагы логистикалык борбор иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эл аралык талаптагы логистикалык борбор иштей баштады. Бул жерде 400 тоннага чейин азык-түлүк сактоого болот.

Быйыл алгачкы жолу сыноо иретинде 120 тонна мөмөлөр, жер жемиштер сакталууда. Бир нече адамды жумуш менен камсыздаган борбор жеке ишкер тарабынан ачылган, деп жазат yntymak.kg.

Азырынча бул эл аралык талаптарга жооп берген, Жалал-Абаддагы алгачкы логостикалык борбор. Мында 100 тоннадан турган 4 муздаткыч бар. Алардын ар бирине бир түрдөгү гана жемишти сактоого болот.

"Азыр биз сактап жаткан жемиштерди эле алсак, мисалга картошканы 4 айга чейин, алманы 6 ай, капустаны 90 күнгө чейин муздаткычта сапатын жоготпой кармап турууга болот. Баардык эле мөмө, жер жемиштерди үзгөндөн кийин бир күн сыртка коюш керек. Бул учурда алардан керексиз газдар чыгып кетет. Ошондо продукция өз калыбында сакталат", – дейт жеке ишкер Гүлназ Эргешова.

Логистикалык борбордун бир бөлүгүндө 80 тонна Нарындын картошкасы сакталууда. Аны 8 сомдон алышкан. Азыр Жалал-Абаддагы баа 12 сомдон болууда.

Дыйкандар картошканын баасы төмөн болуп, зыян тартканын айтып нааразы болушууда. Ал эми мындай логистикалык борборлор баасы арзан жемиштерди сактап, анын баасы жогорулаганда сатууга жардам берет.

Логистикалык борбор Өзбекстандык ишкерлердин колдоосу менен жеке ишкер алган насыяга курулган. Ага жалпы 110 миң доллар сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий