• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандардын тобу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.05.23./Кабар/. 15-майдан 16-майга караган түнү Ош шаарында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куралды мыйзамсыз алып жүрүүгө шектүү кылмыштуу топ жүргөн унаадан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу менен) жана 1 даана тапанча (магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

"Унаада Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т.лар болушкан. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган жарандар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий