• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто өспүрүмдөр уруша кетип, экөө ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Ош шаарында өспүрүмдөр уруша кетип, экөө ооруканага түшкөнүн шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 22-февралда милиция кызматына Ош шаардык ооруканасынан эки өспүрүм денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. 17 жаштагы жабырлануучулар Ош шаарынын И.Панфилов атындагы орто мектептин окуучулары болгон.

Окуя аталган мектептин жанында болгон. Ушул эле күнү кылмышка шектүү катары 2003-жылкы Х.И. кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жана жабырлануучулар мурдатан тааныш болушкан. 22-февраль күнү саат 13:00дөр чамасында кайым айтышуулар бири-бирин жөөлөп кетүүдөн чыккан. Натыйжада шектүү жанындагы миздүү буюм менен жабырлануучуларды сайып жиберген.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ар тараптуу иликтөө иштери уланууда.

Шектүүнүн жашы жете электиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.

Жабырлануучулардын жараты жеңил болгондуктан тез медициналык жардам көрсөтүлүп, ошол эле күнү үйлөрүнө чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий