• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.22./Кабар/. Кечээ, 30-октябрда саат 23:52де Жалал-Абад облусунда күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек, Сумсар, Тенги айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий