• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Парламенттик шайлоо: Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды – даректери

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрда өтөт. Ага байланыштуу Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулдугу билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Бириккен Араб Эмирлигинде жашап жаткан кыргызстандыктар www.tizme.gov.kg онлайн порталы аркылуу өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип алса болот.

"Эгерде издөө учурунда өзүңүздү башка шайлоо тилкесинен тапсаныз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдукка кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз), жана форма №2 толтуруп кетүүнңүздү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылган, алар;

1. Абу-Даби шаарында - Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараты, №9051 шайлоо участогу.

2. Дубай шаарында - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имараты, №9044 шайлоо участогу.

Консулдук каттоого жараша Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип, шайлоого катышса болот.

Шайлоого катышуу үчүн, жарандардын жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу зарыл.

Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчыларына кайрылууга болот;

1. Нурбек Карагулов (Абу-Даби) +971 505 25 58 13, Е-мейл.: shailoo.abudhabi2020@gmail.com.

2. Адилет Сыдыков (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 561 974 795, Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com.

3.Таланбек Зулпукаров (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 566 929 253, Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com.

Пикир

Оставить комментарий