• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Премьер-министр Кара-Көл шаарындагы балык чарбасын көрүп келди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы «Эфтар Агрокомплекс» балык чарбасына барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкана атамекендик рынок үчүн жана экспортко кубулма форелди өстүрүү менен алектенет.

Агрокомплекстин директору Мирлан Мырзаканов ишканада жылына 250 тоннанын тегерегинде балык өстүрүлөрүн билдирди жана балык өстүрүү үчүн суу ресурстарын пайдалануу тартибин мыйзамдык деңгээлде аныктоону суранды.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Суу кодекси коопсуздукту камсыздоо жана балыктар үчүн коркунуч туудурган ар түрдүү вирустардан коргоо боюнча ишкерлердин жоопкерчилигин толук кандуу жөнгө салбайт.

Өкмөт башчы бул маселени тармактык мамлекеттик органдар менен кыйла деталдуу талкуулоону сунуштады.

«Экологиялык таза продукцияга чет элдик кардарлар арасында суроо-талап көп. Биз мындай ишканалар көп санда ачылышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий