• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент Магдалена Андерсонду Швециянын премьери кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Магдалена Андерсонду Швеция Королдугунун Премьер-министри кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз Швециянын мындан ары өнүгүүсүнө бекем өбөлгө болот деп терең ишенем.

Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелерибиздин чыңдалышына жана өнүгүшүнө салым кошо турган көп кырдуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар деп ишендирем.

Туризм, жашыл экономика, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштайм.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Швеция элин жана Сизди Рождество майрамы жана Жаңы 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Швециянын тынчтыкты сүйгөн элине бейпилдик, бакубаттык жана өнүгүү, ал эми Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызга ийгиликтерди каалайм!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий