• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө болот - Нуржан Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Президенттик шайлоону өттү деп эсептөөгө болот. Бул тууралуу Кыргызстандын президентин шайлоо жыйынтыктары боюнча Боршайкомдун төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал шайлоо тынч өткөнүн, олуттуу мыйзам бузуулар аз болгонун билдирди.

“Болгон мыйзам бузуулар шайлоочулардын эркине таасир берген жок. Алар шайлоонун жыйынтыгын так аныктоого жолтоо болгон жок. 3% шайлоо тилкелеринин маалыматтары добуш берүүнүн жыйынтыгын өзгөртүүсү мүмкүн эмес”, - деди ал.

БШК башчысы бардык тилкелер боюнча жыйынтык чыгаруу керектигине таянып экинчи турдун болушу мүмкүндүгү тууралуу айткан жок.

Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков (54,22%), экинчиде Өмүрбек Бабанов (33,47%), үчүнчү Адахан Мадумаров (6,4%), төртүнчү Темир Сариев (2,54%) болду.

Пикир

Оставить комментарий