• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Саат 12:00гө карата 330 миңдей кыргызстандык добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 12:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 330 миң 609 (9,28%), президенттик шайлоодо 329 миң 49 (9,23%) жаран добуш берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 500, Ош шаарында 21 миң 260, Жалал-Абад облусунда 63 миң 152, Ысык-Көл облусунда 32 миң 58, Нарын облусунда 19 миң 50, Ош облусунда 66 миң 581, Талас облусунда 13 миң 169, Чүй облусунда 46 миң 312, Баткен облусунда 29 миң 32 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 495 жаран добуш берди.

Ал эми президенттик шайлоого аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 942, Ош шаарында 21 миң 324, Жалал-Абад облусунда 62 миң 867, Ысык-Көл облусунда 33 миң 740, Нарын облусунда 18 миң 996, Ош облусунда 66 миң 264, Талас облусунда 13 миң 184, Чүй облусунда 45 миң 452, Баткен облусунда 26 миң 788 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 492 жаран добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий