• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖКга кайра шайлоо. Саат 10:00гө карата Биринчи май районунда шайлоочулардын 1,78%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Саат 10:00гө карата Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу жалпы шайлоочулардын 1,78%ын (2 миң 13) ​​түздү. Бул тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Жумагулов брифингде билдирди.

Белгилей кетсек, Биринчи май району боюнча жалпысынан шайлоочулардын акыркы тизмесине 113 миң 105 адам киргизилген.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Жалпысынан БШК №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышууну каалаган 52 талапкерди каттаган.

Биринчи май шайлоо округу боюнча акыркы учурда эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, бирок шайлоо бюллетенине талапкерлердин маалыматтары киргизилген.

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча катталган талапкерлер:


№ 1. Нурматов Темирбек Асанович
№ 2. Нурдинов Бейшеналы

№ 3. Тотонов Нурбек Темирбекович

№ 4. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна

№ 5. Искендеров Эльман Хыдырович

№ 6. Кермалиев Таалайбек Женишович

№ 7. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович

№ 9. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич

№ 10. Савин Виктор Евгеньевич

№ 11. Ибраймакунов Данияр Омурбекович

№ 12. Акылбеков Русланбек Акылбекович

№14. Капаров Чыңгыз Капарович

№ 15. Ремнев Роман Павлович

№ 16. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович

№ 17. Гапаров Адылбек Абдикаримович

№ 18. Тагайбек Султан

№ 19. Абдыкадыр уулу Бектур

№ 20. Мусаев Тахир Насырович

№ 21. Сартаев Анвар Айдарович

№ 22. Абдыразакова Айжан Улановна

№ 23. Токтокожоев Таалайбек Самудинович

№ 24. Акеров Табылды Абдраманович

№ 25. Токтакунов Нурбек Акбарович

№ 26. Сариев Акылбек Аблабекович

№ 27. Жуков Виталий Юрьевич.


Пикир

Оставить комментарий