• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого тыштан добуш берүү жүрүп жатат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда 2021-жылы 11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан мурда 3 миң 992 шайлоочу шайлоого шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүгө арыз беришкен.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2 миң 602 добуш берүүчү, Ош АШК – 1 миң 168, Токмок АШК – 222 шайлоочу чапма ящик менен добуш беришет.

Бишкек шаарында добуш берүү үчүн жайлардан тышкары арыздар 228 шайлоо тилкесинин 183үнө берилген.

Пикир

Оставить комментарий