• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саат 16:00гө карата депутаттарды шайлоого 25,81% шайлоочу катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 16:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 856 миң 404 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жалпы шайлоочулардын 25,81%ын түзөт.

“Шаардык кеңештерге 254 миң 732, айылдык кеңештерге 601 миң 672 шайлоочу тандоосун кылды”, - деп айтылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий