• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Садыр Жапаров: 2024-жылы жолдорду куруу боюнча Жол фонду түзүлөт

Курултай 0

Бишкек, 16.12.3. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында II Элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттын Балыкчы - Барскоон унаа жолун бүтүрүп берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып келерки жылы Жол фонду тузүлөрүн белгиледи.

Президенттин айтымында, азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында салынып жаткан жолдорго каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп жатат.

"Бул салык төлөп жаткан баардык элдин акчасы. Европа жана өнүккөн өлкөлөрдө башкача, алар республикалык бюджеттин акчасын жол курууга жумшабайт. Анда жолдор жол фондунун эсебинен курулат. Биз дагы келерки жылы ошого өтөбүз. Жол фондун түзөбүз, анын капиталы май куючу жайларда сатылып жаткан ар бир литр бензинге 1 сомдон кошуудан түшкөн каражат менен топтолот. Ошондон кийин жол курууга республикалык бюджеттен каражат бөлбөй, аны өнүгүүгө жумшай баштайбыз. Ал эми жолдор ошол Жол фонду тарабынан жасала баштайт", - деп түшүндүрдү өлкө башчысы.

Президент унаалардын көлөмүнө жараша салык салуу менен Жол фондун түзүү боюнча сунуштар түшкөнүн айтып, бул адилетсиз болуп каларын кошумчалады.

"Мисалы, эки жол тандабас унааны алсак, алардын бири күнүнө миң километрге чейин жол жүрсө, экинчиси анса-санда жол жүргөнү болбосо көп айдалбайт. Бирок экөөнө бирдей салык салуу адилетсиз болуп калат. Ошондуктан жолдо көп жүргөн жана жолду жыртып аткан унаа үчүн бензинге акча кошсок туура болот. Бул көп деле акча эмес, бир сомдон Жол фондуна которулуп турса, ошондон кийин мына биз төлөп атабыз, жолду оңдоп бергиле деп талап кылсаңыздар туура болот", - деди президент.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий