• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүй облусунда 4 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартып алынды

Коом 0


Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районундагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу ведомтвонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен “Аю” ЖЧКсы жана “Ак Каз” ЖЧКсы өндүргөн 4 миң 174 бөтөлкө ликер-арак продукция тартып алынды.

Салык контролунун материалдары КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий