• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 11-январында соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкердиктин субъектилеринин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий