• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ШКУга мүчө-мамлекеттердин юстиция министрлеринин видео-байланыш форматындагы кеңешмеси өттү

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева видео-конференц-байланыш форматында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Юстиция министрлеринин сегизинчи кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешме Тажикстан Республикасынын Юстиция министри Музаффар Ашуриёндун төрагалыгы менен өттү. Кеңешмеге ошондой эле Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Өзбекстан Республикаларынын жана Россия Федерациясынын юстиция министрлери катышты.

«Ачык, достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөн кеңешмеде катышуучулар ШКУга мүчө - мамлекеттердин Юстиция министрлеринин жетинчи Кеңешмесинин натыйжасындагы келишимдерди аткаруунун жыйынтыгын чыгарышып, пандемиянын убагында мыйзамдын маанилүү ролун белгилешти жана бир дагы мамлекет вируска каршы жалгыз күрөшө албастыгын, анын кесепеттерин жоюу үчүн азыркы шарттарды эске алуу менен күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белгилешти»,-деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар таажы вирустун шартында баардык чөйрөлөрдө, анын ичинде мыйзам тармагында кызматташтыкты тереңдетүү, пандемиянын таралышына каршы туруу үчүн укуктук маалыматтарды өз ара алмашууну активдшетирүү маанилүү экендигин баса белгилешти.

Министрлер пандемиянын убагындагы мыйзамдын ролу, Юстиция министрликтеринин коррупцияга каршы туруу жана жарандарга улуттук мыйзамдарга ылайык укуктук жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын юстиция министри кесиптештерине КРнын мыйзамдарын масштабдуу инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатканы жөнүндө маалымат берди.

Министрлер ШКУга мүчө-мамлекеттердин мыйзамдык системаларын өнүктүрүү маселесиндеги жетишилген өз ара түшүнүшүүнү белгилөө менен ШКУну өнүктүрүү стратегиясында 2025-жылга чейин бекитилген келишимдерди жана милдеттерди эске алышып, төмөнкүлөр жөнүндө билдиришет:
1. ШКУга мүчө - мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин ортосунда 2015-жылдын 18-августунда Душанбе шаарында кол коюлган кызматташуу жөнүндө макулдашууну аткаруу боюнча иш активдештирилсин.
2. ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди, ак ниет коңшулукту жана достукту сактоо жана кеңейтүү максатында ШКУга мүчө - мамлекеттердин (укук жана) юстиция министрликтеринин ортосундагы өз ара байланышта иштешүү күчтөндүрүлсүн.
3. Жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүгө, ШКУга мүчө-мамлекеттерде жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштеген мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууга, бири биринин тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана өз ара байланыштарды түзүүгө арналган региондук конференциялары өткөрүлсүн.
4. ШКУга мүчө-мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин ортосунда коррупцияга каршы жагында тажрыйба алмашуу улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана жаңы технологияларды киргизүүнү эске алуу менен мындан аркы өз ара пайдалауу кызматташтык түзүлсүн.

Пикир

Оставить комментарий