• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сулайман-Тоого желим баштык жана пластик буюмдарды алып чыгууга тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

"Бул чечимге байланыштуу музей комплекстин аймагындагы буга чейин пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер пленкасынан жасалган пакеттерде чипсы, кириешки, күнкарама жана башкаларды саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий