• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Күн мурун, 22-майда Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө башталды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Семинардын максаты – калкка өз каражаттарын туура пайдаланууга окутуу, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле инвестициялоо, салыктар, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин арттыруу саналат.

Семинарлар Улуттук банк тарабынан ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу астында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий