• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Түркмөнстанда калктын саны кескин азайганы кабарланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.07.21./Кабар/. Түркмөнстанда туруктуу жашаган жарандардын саны 1980-жылдардагы деңгээлге чейин төмөндөп, 2,7 миллионго түштү. Бул тууралуу centralasian кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, учурда Түркмөнстандын өзүндөгү калктын саны расмий статистикадан кеминде эки эсе аздык кылат. Бул маалыматты бири-биринен көз карандысыз үч башка булак ырастаган.

Булактар Түркмөнстанда тескерисинче калк азайып жатканын, бул бийлик үчүн күтүүсүз жагдай болгонун билдиришти. Алардын айтымында, 2008-жылдан 2018-жылга чейин Түркмөнстандан 1 миллион 800 миңден адам чыгып кеткен. Алардын көбү Түркияга, Орусияга, Украинага жана Өзбекстанга багыт алышкан. 2018-жылы түркмөн бийлиги 40 жашка чыга элек жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

2018-жылы Дүйнөлүк банк расмий маалыматка таянып, Түркмөнстандын калкы 5,8 миллион экенин билдирген. 2020-жылы түркмөн өкмөтү калктын саны 6,2 миллионго жеткенин кабарлаган.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. 2019-жылы "Чек арасыз кабарчылар" уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган. Соңку бир нече жылдан бери Түркмөнстанда каатчылык күчөгөнү кабарланып келет.

Пикир

Оставить комментарий