• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркмөнстандын Дашөгүз облусун кумдуу бороон каптады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. 27-майга оогон түнү Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, аймакты туз аралашкан кумдуу бороон каптады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Дашөгүз облусу Түркмөнстандын экологиясы начар аймагы болуп эсептелет. Облуста Арал деңизинин соолушунун кесепеттери көбүрөөк сезилет. Жергиликтүү тургундар суунун сапатынын начардыгына жана жер кыртышынын шор экенине даттанып келишет. Мындан улам аймакта туз аралашкан кумдуу бороондор байма-бай болуп келет.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы бороон жекшемби күндүн экинчи жарымына чейин уланып, аймакка туз жана кум учуруп келип турганын билдирди.

«Туз пахта жана буудай талааларын, ошондой эле жемиш бактарын каптап калды. Көчөнүн баары аппак, тузга толгон", деп жазды басылма.

Туз аралашкан кумдуу бороон Өзбекстандын Каракалпакстан автономдук облусу тараптан келген. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, мындай бороон өлкөнүн Хорезм, Бухара жана Навои облустарында дагы болгон. Азырынча Өзбекстандын бул облустары менен чектешкен Түркмөнстандын Лебап облусундагы абал белгисиз болууда.

Пикир

Оставить комментарий