• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Т.Батыралиев: «Жалал-Абадда экстрендик медицина болушу керек!»

Ден соолук 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. «Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын экстрендик медициналык жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды деп айтууга болот. Бул Кыргызстанда саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө болгон дагы бир кадам», - деди КР саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Ал 16-майда курулуш объектисинде болгондугун ССМ басма сөз кызматы билдирет.

“Республиканын түштүгүндө экстрендик жардам көрсөтүү тутумун жакшыртуу, жер титирөө, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу туруктуу жаратылыш кырсыктарынын коркунучу бар аймактарда өз убагында жана сапаттуу медициналык кызматтар зарыл шарттарында адамдардын куткаруу жана жардам көрсөтүүгө ишенимдерин бекемдейт”, - деп белгиледи ССМ башчысы.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул курулуш экстрендик медициналык жардам көрсөтүү улуттук тутумун түзүү долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүрүүдө. Долбоор Немец өнүктүрүү банкы тарабынан 3 млн Евро суммасында каржыланат. КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий