• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. “Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Кубан Жыргалбев дайындалды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы кабарлайт.

Эмгек жолун 2012-жылдан тарта жеке ишкерлик менен баштаган Кубан Жыргалбаев Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаты болгон. 2023-жылдын 30-мартынан тарта Талас шаардык кеңешинин вице-спикери кызматын аркалаган.

Кубан Жыргалбаев 1990-жылы 9-июнда Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Жогорку билимге ээ.

Пикир

Оставить комментарий