• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Талас жана Чүй облустарында 300дөн ашык ветеринарлар өздөрүнүн кесипкөйүлүгүн жогорулатышмакчы

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы 2017-жылдын 1-мартынан тартып 31-октябрына чейин Талас жана Чүй облустарынын жеке ветеринарларына бир катар тренингдерди өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Тренингдер КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашып жаткан “Мал чарбачылыгын жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында жана өлкөнүн ветеринардык кызматынын потенциалын жакшыртууга колдоо көрсөтүү негизинде өткөрүлүп жатат.

Окутууга 300дөн ашык ветеринарлар катышат. Негизги максаты – жаныбарлардын оорусун дарылоодо ветеринардык адистердин квалификациясын көтөрүү ветеринар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендиги туурасында маалымат берүү болуп саналат.

Ветеринардык палатанын директору Кубат Маматкуловдун айтымында, биздин негизги милдет айыл аймагындагы же туулган жериндеги эпизоотикалык кырдаалда жеке ветеринарларга жоопкерчилиги туурасында маалымат берүү. “Жаңы мыйзам боюнча мамлекет жеке ветеринарларга жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча функциясын өткөрүп берген. Албетте, билимге жана кесипкөйлүккө болгон талап жогорулайт”, – дейт ал.

Окутуу иш-чарасын Ветеринардык палатанын мастер-тренери, ветеринария илимдеринин доктору Манас Бабакулов жана Айыл чарба илимдеринин доктору Абдыганы Абдрасулов өтөт. Бардык окутуу материалдары алар тарабынан жазылган.

Курсту аяктаган ветеринарларга сертификаттар тапшырылат.

Буга чейин Чүй жана Талас облустарынын райондорунда уюштурулган тренингдин биринчи бөлүгүнүн жыйынтыктоочу окутуусу өткөрүлгөн. Тренинг айыл аймагынын деңгээлиндеги жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана пландоого арналган. Иш-чарага жеке ветеринарлар жана Жайыт пайдалануучу бирикмелеринин жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча комитеттердин алдындагы мүчөлөрү катышкан.

Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын Жайыт комитетинин мүчөсү Жылдыз Сагынбекова мындай иш-чаралар абдан маанилүү экендигин белгилеп, Жайыт пайдалануучу бирикмелер сөзсүз түрдө жаныбарлардын ооруларын билиш керек, ветеринарлар менен тил табышуу, алар менен биргеликте малдарга вакцинация кылууга план иштеп чыгыш керек экендигин билдирген.

Тренингде бир катар темалар каралган. Алар: “Пастереллез жана анын коргонуу чаралары менен күрөшүү”, “Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы” жөнүндө маалымат, “Жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча план түзүү” жана башка темалар бар.

Пикир

Оставить комментарий