• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ташкентте кафедеги өрттөн беш киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ташкентте «Шовотландия» кафесинде иштеп, ошол жерде жашаган беш киши өрттөн каза болду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кафеге атайылап өрт койгон деген шек менен Самарканд облусунун тургуну кармалып, тергөө иштери башталганын билдирди.

27-февралга караган түнү «Шовотландия» кафесинде өрт чыгып, ошол жерде иштеген жана жашаган беш киши каза болгон. Жалын 150 чарчы метр аянтка жайылып, аны өчүрүүгө төрт бригада тартылган.

Пикир

Оставить комментарий