• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрү чогулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.10.18. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин отуруму 12-октябрда Ташкентте өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумда Борбордук Азиянын аймагындагы абалды, эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин, шериктештиктеги мамлекеттердин арасындагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарын, радиациялык, химиялык жана биологиялык абалды баалоонун жана бириккен көзөмөл системасынын перспективаларын талкуулоо пландалууда.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн авиациясынын учушун камсыздоо тармагындагы кызматташтык, мамлекеттик радиолокациялык таануунун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу, аскердик билим берүү тармагында өз ара аракет, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий