• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстан: Жарандар пара иретинде дарыгерлерге жылына 320 млн доллар беришет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Тажикстанда орто эсеп менен ар бир жашоочу жылына дарыгерлерге 200 сомониден же 22 доллардан пара берет. Өлкөдө формалдуу түрдө медицина акысыз. Жарандар "бекер" маалымкаттарды сатып алышат, медициналык кароодон өтүшөт, сапаттуу тейлөө үчүн пара беришет.

Тажикстан Саламаттык министрлигинин эсеби боюнча 2018-жылы жарандар дарыгерлерге пара иретинде 320 миллион доллар беришкен, ошол эле маалда калктын 30% өтө жакыр жашайт, деп жазат centralasian.org.

"Сино" жеке клиникасынын директору Абдухалил Холикзоданын айтымында, медиктер бейтаптарды өздөрү келишим түзгөн дарыканаларга жөнөтүү менен дагы акча табышат.

“Эгер дарыгерлердин, медайымдардын кошумча кирешелерин жана сатылган дарыларды эсептесек, ушул сумма чыгат. Бул сумманы Тажикстандын ар бир жашоочусуна бөлсөк, 200 сомониден тиет”, – деди ал. Албетте, бул болжолдуу эсеп.

2008-жылы Тажикстанда саламаттык сактоону реформалоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык, көмүскө төлөмдөрдүн баары жокко чыгарылып, акча жеке чөнтөккө эмес, сапаттуу тейлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетине түшүшү керек эле.

Бирок мыйзам иш жүзүндө аткарылган жок. Адистер 2022-жылы медициналык камсыздандыруу киргизилгенден кийин дарыгерлер арасындагы паракорчулук жоголот деп ишенишет.

2018-жылы Тажикстанда медицина үчүн бюджеттен 185 млн доллар гана бөлүнгөн, бул тармактагы жалпы пара көлөмүнүн 60% гана түзөт. Каражаттын теңинен көбү медиктердин айлык акыларына жумшалат.

Аткаминерлер медициналык камсыздандыруудан казнага көбүрөөк акча түшсө, дарыгерлердин маянасын көтөрүүгө болот деп болжолдошууда.

Пикир

Оставить комментарий