• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тажикстандагы туристтердин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөгө ФБРдин тергөөчүлөрү чакырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Тажик өкмөтү Дангардагы туристтердин өлтүрүлүшүн иликтөөгө АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) тергөөчүлөрүн чакырды. Бул тууралуу учурда Душанбеде жүргөн Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча жардамчысы Эмилия Пума билдирди.

«Тажикстандын өкмөтү терактты иликтөөгө ФБРдин тергөөчүлөрүн чакырды, бул үчүн биз ыраазыбыз», — деди Пума.

Душанбеге Тажикстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кеңешменин жетинчи жыйынына катышуу үчүн келген Пуманын сапары велотуристтердин өлтүрүлүшү боюнча сот отурумунун башталышына туура келди.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Тажик өкмөтү төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган. Бирок кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Пикир

Оставить комментарий