• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Мерт кеткендердин саны 46га жетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрь саат 17:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 46 кыргызстандык мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпы 140 адам кайрылган, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталга - 71;

2. Улуттук хирургиялык борборуна – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна – 8;

4. Тез жардам ооруканасына - 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасына – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына – 2 бейтап жаткырылган.

Белгиленгендей, калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

"Бардык жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү. Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы набыт болгон 10 адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөн. Ошентип, мерт кеткендердин саны 46 адамга жетти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий