• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Трамп менен Путин Осакада жолугушту

Дүйнө 0

Бишкек, 28.06.19./Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Жапониянын Осака шаарында "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында жолугушту.

Трамп Путин экөөнүн "алакасы абдан жакшы экенин" белгилеп, журналисттин суроосунан кийин орус президентине алдыдагы АКШдагы шайлоого "кийлигишпөөнү" эскертти.

Бир саат, жыйырма мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки лидер Иран, Сирия, Венесуэла жана Украина маселелерин талкуулашты. Эки тараптуу алакалар боюнча сөз болду.

Бул Трамп менен Путин бир жыл мурда Хельсинкиде өткөн жолугушуусунан кийинки алгачкы сүйлөшүүлөрү. Былтыр жыл соңунда Аргентиндагы "Чоң жыйырманын" саммитинде күтүлгөн эки лидердин жолугушуусунан Трамп баш тарткан. Буга Орусиянын украиналык деңиз аскерлерин камаганы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий