• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК чагымчыл материалдарды жайылтты деп интернет колдонуучуну кармады

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. УКМК жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“Массалык баш аламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө Facebook социалдык тармагында жарыялаган “Зарина Төрөкулова” аккаунтунун ээси – КР жараны Т.З. аныкталганын билдирет.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.З. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 9-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Т.З. 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий