• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бир адамдын өмүрүн алган Ош темир жолундагы кырсык. Комиссия жеринде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.12.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев башында турган комиссия Оштогу темир жол кырсыгын жеринде иликтөөдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кире бериш жолдо унаа кыймылын жандандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, авариялык-талаа бригадасы оодарылып кеткен цистерналарды алып чыгууда.

Эске салсак, 2022-жылдын 21-декабрында саат 22:35те Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош темир жол станциясында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун мунай базасынын кире бериш жолунда 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Окуянын кесепетинен бир адам каза болуп, буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий