• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипөкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха менен анын миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүн, тоолуу аймактарын, маданиятын жана экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Шамш Кассим-Лакханы Кыргыз Республикасы менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун ортосундагы Кызматташуу келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Министр өзгөчө Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин билим берүү менен илимди өнүктүрүү боюнча таанылган аймактык борбор катары ишмердүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Афганистандагы азыркы абалдан улам оор кырдаалга туш болгон Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга көрсөткөн жардамын жогору баалады.

Ошондой эле, министр Руслан Казакбаев дипломатиялык өкүл Шамш Кассим-Лакхага 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн, Кыргызстандагы саясий циклди аяктаган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха министр Руслан Казакбаевге министрлик тарабынан уюмга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан саясий өзөрүүлөрдү жана 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын оңунан белгиледи.

Ал Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин ишмердигинин жана Афганистандагы билим берүү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге, Шамш Кассим-Лакха АКДНдин Кыргыз Республикасында билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну улантууга даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Кыргыз Республикасында шаардык инфраструктураны жана башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экендигин билдирди. Ал уюмдун долбоорлорунун бири да ишке ашмайынча токтобой турганын баса белгиледи.

Ошондой эле дипломатиялык өкүл афганистандык кыргыздарга Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кабулдагы өкүлчүлүгү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам, анын ичинде жеткирилип жаткан гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, ал бул маселеде Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги активдүү жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакхага Кыргыз Республикасы менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө министр ага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий