• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматынын катышуусунда жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында күн мурун, 30-июлда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кармалды.

Аталган кызматкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан.

Кармалган адамдар козголгон кылмыш ишинин алкагында процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына алынып келип, жыйынтыгында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо органдарынын катарларын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо жана алардын ишиндеги коррупцияга бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий