• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Улуттук банк төртүнчү күн катары менен интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда бешинчи ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк кечээ, 19-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 млн доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 20-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий