• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ысык-Атада ата-бала айылдашынан $2 миң опузалоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Ысык-Ата районунда ата-бала айылдашынан опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 37 жаштагы М.А., аттуу жаран кайрылып, физикалык күч колдонуу менен 2 миң АКШ долларын талап кылгандарга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Чүй ОИИББге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде көрсөтүлгөн (Опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Чүй облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган Л.Ш., 2004-жылы туулган А.И., жана 1976-жылы туулган Л.Ш., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөр арыз ээсинин айылдашы болуп чыккан.

Бишкектин Свердлов районунун Тергөө судьясынын токтомунун негизинде кармалган жарандар 1976-жылы туулган Л.Ш., 2002-жылы туулган Л.Ш. карата камакка алуу түрүндөгү жана 2002-жылы туулган А.И. башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий