• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. 25-март саат 23:00гө карата Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Коронавиурс Стамбулдан учуп келген Намангандын тургунунан аныкталган. Учурда ал Наманган жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.

"26-марттан баштап Наманган бардык транспорт каражаттары үчүн жабылды. Бир гана жүк ташыган унааларга жүрүүгө уруксат берилген", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий