• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1973-жылы Баткен областынын Кызыл-кыя шаарында туулган, Ош шаарынын тургуну Мырзакулов Эркинбек Токтосунович кармалды.

Ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат берген. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус жуктургандар аныкталган эмес.

Э.Мырзакулов менен түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий