• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда свет, суу, газ өчүрүлбөйт - Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар электр энергиясы, ысык жана муздак суу, ошондой эле газ менен толук кандуу камсыздалып турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал режиминин убагында бардыгы штаттык режимде иштейт.

“Ал эми карызды төлөө, кечиктирүү, туумдар боюнча - бул маселе каралууда”, - деп кошумчалады Асрандиев.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

Буга байланыштуу 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий