• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ага байланыштуу мындан кийинки бейтаптар Сузак аймактык ооруканансынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кабыл алынат. Бул тууралуу облустук штабдын район-шаарлардын башчылары менен өткөн онлайн жыйында маалымдалды.

Облус башчысы Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, илдет башталган күндөн тарта тынымсыз иш алып барып келе жаткан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратында шарттарды жакшыртуу аракети көрүлөт. Мындагы коопсуздук чараларына ылайык, бейтаптар убактылуу кабыл алынбайт. Онлайн жыйындын алкагында аймактардагы акыркы абал жана жаралган бир катар жагдайлар талкууланды.

"Өкүл күз мезгилине карата болжолдонгон экинчи толкундун алдын алуу максатында, бардык аймактарда жетиштүү орундарды түзүү керектигин эскертти. Аны менен бирге Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы кошумча жугуштуу оорулар бөлүмүнүн даядыктарын сурады. Анда иш ыргагы кызуу жүрүп жаткандыгы жана сентябрь айынын орто ченинде аяктоо планы бар экени айтылды", - деп айтылат маалыматта.

Илдеттин жайылуу коркунучун алдын алууда эл көп чогулган маараке, той-аштарды болтурбоо үчүн тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен байма-бай рейддерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий